Мацуо Басё: Ыр катылган баштыкты, Ачууга алым келбеди

Жапон классикалык поэзиясынан XVII кылымдын аягында Жапонстандын жолдорунда узак жылдар бою орто курактан өтүп калган, ден соолугу деле анчалык чың эмес, сыртынан караганда кедей-кембагал кейиптенген адам сапар чегип жүрдү. Аны бир нече жолу кайсыдыр бир даңазалуу феодалдын малайлары жол бошот деп кууса керек, бирок ошол кездеги бир дагы белгилүү князь бул белгисиз кечил-дербиштей, улуу жапон акыны Басёдой өлгөндөн кийин болуп көрбөгөндөй атак-даңкка бөлөнбөгөндүр… Басё Жапониянын жолдорунда поэзиянын элчиси катары сапар карытты. Акындын чыгармачылыгы көп кырдуу, ал өзүн “кайгы-капачыл” ырчы катары атаган, бирок турмушту өтө сүйгөн. Өзүнүн өмүрүнүн акырында Басё залкар толугу менен…..