Алтынай  Темирова: Бул өмүр – өткүн, куюн, Түшөсүң сууга, отко…

***** – I – Кылымдар кырданышат бүлөп азуу, Колунда кудуреттүү улуу жазуу, Тагдыры миң төгүлтүп, миң калчаган Кыргызым ашып турат даа бир ашуу!   Кондуруп тууруна Эркиндикти, Кош колдойт бет алганы эркти, күчтү!.. Жылдызы төгүлгөн кең бешенеси – Жарк эткен бул ааламдын оттуу көзү.   Үңүлүп баба жолу, баба ырына, Тарыхты тамырынан козголттура, Жер шарын айландыра кайрып туру, Кеменгер, айкөл Манас улуу журту!..   Агарган ак булуттун асты кенен, Көгөргөн Көк Теңирдин үстү терең, Мухиттей чалкып жаткан рухту берген Колдосун Көк Теңирим элди берен!..   – II – Кылымдар оомал-төкмөл толугу менен…..