Жаш калемгер Кадырбек Аблабековду эскерүү кечеси өттү

21-ноябрда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Жигит өлбөс болсочу” деген аталышта жаш калемгер Кадырбек Аблабековду эскерүү кечеси өттү. Кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун директорунун орун басары К.Кадыракунов, Ч.Турсунбеков атындагы фонддун өкүлү Н.Абдыгулов, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Н.Маамытбаев баштаган жаш таланттар, К.Аблабековдун үй-бүлөсү, жакындары ж.б. катышты. Иш-чаранын катышуучулары бир ооздон Кадырбектин такшалып келе жаткан, келечекте өз чыйырын сала турган жөндөмү бар талант болгондугун, бийик адамкерчилик сапаттарын эскеришти. Эскерүү иш-чарасын демилгелеген КР Эл акыны, Улуттук толугу менен…..