Жолдошбек Зарлыкбеков: Буккан сайын бугум буура, жолум муз, Бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап?

Аваз Жолуккан барбы, кезигет кайдан, бир курак өттү билинбей, жалбырак ылдый жылтырап тамган тамчынын тунук үнүндөй. Кезиккен барбы, жолугат кайдан, бир курак калды көрүнбөй, өткүндөн кийин жаңырып калган жайлоонун жашыл өңүндөй. Жолугат кайдан, кезиккен барбы, жамынып жатып ай нурун, алыста калган жылдардын шаңын, ырлардын козгоп кайрыгын… Сары Асман аздап кочкул түскө боёлуп, чөккөн күүгүм чирик барик жыттанат. Кечээгимдей бүгүн дагы ой ооруп, кечээгимден бүгүн үмүт кыскараак. Жол тозоңу, жолоочунун көктүгү, шагы сынган сагынычтын арааны басаңдады, улам жылдар эскирип, азаңдады улам эргүү шамалы. Эсиңдеби? Себептерге эбептер кайчы түшкөн күзгү кечте ушундай, толугу менен…..

Жолдошбек Зарлыкбеков: Акебайым! Байкап турсам тынчтык жок. Өлгөндөр да тынч жатышпай көрүндө

Тынчтык жок Мобул шамал шарактаган шакардай, Эмне кайнайт бутактарда миң үндөп. Мобул жолдор барар жагы базар жак, Неге чаңдайт жөө тумандап, ириңдеп. Бели ийри отургучтар береги, Көтөрдү эле кимдин семиз салмагын. Көлөкөсүн сүйрөп булут кебээрсип, Эмнеге учат самсааланып-сандалып. Мобул суулар кыл аркандай суналган, Эмнеге эшет толкундарын күнү-түн. Мобул коңшум, ашмүшкө чай суранган, Чаап жүрөт кай шумпайдын кылычын. Акебайым! Байкап турсам тынчтык жок. Өлгөндөр да тынч жатышпай көрүндө, От жагышат алоолонтуп фосфорлоп, Түшкө кирип, сесимди алат түнүмдө. Мобул шаардын мүштөк ТЭЦи бургутуп, Неге жай-кыш оозу — очок, мурду — көө. Мобул толугу менен…..