Т.Кожомбердиев: Көлчүктөгү ай

Кумурска көргөн тоо Келатыптыр жумушка Кыл муруттуу кумурска. Топчуну алып колума Тосуп койсом жолуна: Тыягынан карады, Быягынан карады, Аркы-терки бойлоду Тоо экен деп ойлоду…   Минип жүрүп атын издеген Түш болгондо Малабай Жылкыларды санаса, Бирөө жетпейт караса, Мына кызык тамаша!   Андан-Мындан көрүнүп, Атын чүлөп теминип, Издеп жүрөт Малакең Кара терге чөмүлүп.   Тапкан өңдүү акылды Чоң атасы чакырды: -Санадыңбы, – деди ал, – Минип жүргөн атыңды?   Алды артына карабай Кызык экен Малабай! Издеп жүргөн турбайбы Минген атын санабай…   Түн ортосунда Түн ортосу. Өчкөн үйдүн чырагы, Айлананын уктап толугу менен…..