Абдилаат Дооров: Чагылган тийип күйгөн арча шактай, чатырап алоолонот көкүрөгүм

Бүгүн мен тиктим көчөт …Бүгүн мен тиктим көчөт, мойнума түштү милдет. Арык казып, суу коюу, олтурбай күндү күн деп, түндү түн деп.   …Бүгүн мен өмүрлүк жар, жөнөкөй кызга тоолук. Балбылдайт көздөрүбүз, бакыттын кушу конуп!   …Бүгүн мен болдум ата, болдум жар жана багбан. Турмушка кирип келдим: уялчаак балалыктын ыпысык кучагынан!   Сагындым Сагындым жанга жагым жайлоо түнүн шар акчу суусу мөңкүп, чачып көбүк. Асыл жар чачып бөлүп жик салгандай асманды саманчынын жолу бөлүп.   Койчунун коңур үнү созолончу, селкинин козгоп жүрөк делебесин. Түндүктөн түмөн жылдыз кашын кагып, ай нуру толугу менен…..