Жакыпбек Абдылдаев: Ким биринчи ойгонот?

Ашказанга баш ийбе Жапаркулдун Жеңиши, Жакшы бала негизи… Балмуздакты көргөндө, Келип кетет жегиси.   Колдон китеп түшүрбөйт, Бирок, окуп бүтүрбөйт. Окуганга табит жок, Неге мындай? Түшүнбөйт.   Чыгарбагын көңүлдөн, Китеп – байлык төгүлгөн. Тартып калат Жеңишти, Ашказанга жеңилген.   Чоочун сан “Бир”, “эки”, “үч” деп Асанбай, Жазат, санайт такалбай. “5” ти көрсө кыйналат, Окуй албай, жазалбай.   Сөздүн айтсак калысын, Бул жоруктун баары чын. “Беш” албаса сабактан, Аны кайдан таанысын.   Соодалашпай жүрөлү Апасы айтса: – Элчибек, Токоч сатып келчи, – деп. Кыйыктанат ал анда, Чуркап кетпей менчилеп. -Балмуздакка жеткидей, толугу менен…..