Мухаммад Юсуф: Сен да бир күн өтөсүң ынан, Мээрим калат, махабат калат

Мухаммад Юсуф Өзбекстан эл акыны. Көрүнүктүү коомдук ишмер. 1954 – жылы Андижан облусунун Мархамат районунда туулган. Орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Ондогон китептердин автору. 2001 – жылы дүйнө салган. Өзбекстан Оо, Ата Мекеним, Энемдей өлкөм, Өзбекстан, жанымды төшөйм саяңа. Сендей мээрман жок, Сендей көркөм. Римди алмашпасмын беде-паяңа.   Бир жагың суу болсо, бир жагың кырлар, Канча журтту көрдүм, канча тагдырлар. Кайда барсам сүйөп, башты тик тут деп. Тоолоруң изимден ээрчишип жүрөт.   Көрдүм сулуулардын эң перилерин, Же мажүрөө, же бир момун адаммын: Париждин эң сулуу ресторандарын, Жалгыз тандырыңа дагы толугу менен…..

Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалы өтүүдө

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен КР Улуттук жазуучулар союзу Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө максатында “Достук” фестивалын өткөрүүдө. Бүгүн аталган фестивалга катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынан келген акындарды КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков, КРУЖС Ош жана Жалал-Абад облусттук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Улукбек Омокеев, Нуркан Койчуманова, КР Эл акыны Тазагүл Закирова, Р.Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясынын эмгек жамааты жана Ош шаарындагы Өзбек маданияты борборунун өкүлдөрү тосуп алышты. Сардар толугу менен…..