Некролог

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Замира Жантаева оорудан улам 61 жашында каза болду. Замира Жантаева 1959-жылы 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында туулган. Бишкектеги Соода техникумун аяктаган соң эмгек жолун Кара-Кужур жумушчулар кооперативинде баштап, кийин райондун керектөөчүлөр коомунда иштеген. Көптөгөн ыр жыйнактардын, обондуу ырлардын автору 2019-жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, чыгармачылыкка жигердүү киришип иштеп жаткан. Маркумдун артында төрт кызы жана бир уулу калды. Акындын артында калган бир туугандарына, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. КРнын толугу менен…..