Мирлан Самыйкожонун “Ызгаардагы ыры”…

Акын Мирлан Самыйкожонун “Ызгаардагы ыр” деп аталган чыгармачылык кечеси өтөт. Бул туурасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты. Акындын алгачкы ырлары 1998–2000-жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Айыл турмушу” гезитинде жарык көрүп, 2001–2002-жылдары республикалык “Аалам”, “Кыргыз Туусу”, “Кыргыз Руху” “Кыргыз караван” жана башка гезит-журналдарда жарыяланган. 2005-жылы Жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги Жолдошбек Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон. 2008-жылы анын “Жүрөккө түшкөн чагылган” ырлар жыйнагы жарык көргөн. Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. 2007-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Чыгармачыл жаштардын толугу менен…..