Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, кезинде Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, Т.Абдиев, А.Айталиевдер менен бир жүрүп, айтыштарга катышкан төкмө акын Ысак Барпиев 86 жаш курагында оорудан улам каза болду. Ысак Барпиев 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1957-жылы Афлатун маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1958-жылы Токтогул атындагы парктын директору, райондук маданият үйүнүн директору болгон. 1961-64-жылдары Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумун, 1973-78-жылдары Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетин окуп бүтүргөн. 1978-жылга чейин райондук партиялык комитеттин чечими менен Тельман толугу менен…..