Жылкычы Жапиев: Ырчы

Ырчы Бу корто кишини ырчы экен деп ким ойлоптур. Кудай акы, эч убакта менин оюма келмек эмес. Атургай адеп укканымда ишенгеним жок. Аны ырчы дештин өзү шылдыңдай сезилди. Айыл дүрбөп калды ырчы келиптир деп. Кечинде ырдайт экен. Эсепчи Жумабайдыкына токтоптур. Алыс, алыс туугандары имиш аялынын. Бул чакан айылдын жалгыз дүкөнүн бири кетсе, бири келип, беш-алты киши сагаалап турганы турган. Булардын бүгүнкү чоң жаңылыгы ошо ырчы болду. – Көрдүм, корто неме экен көзгө жугуму жок. – Жыргаган киши ырчы болмок беле. “Акылы жок уйкучу, ары жок ырчы” дейт. Жалаң дүкөн сагалашкандар толугу менен…..