Атантай Акбаров: Ата Журт да акынын сакташ керек!.. Акын деген – Мекендин визиткасы

Акын деген – булбулдун түп нускасы Теңдик дешип карманып Теңир сөзүн, Теңдик үчүн жол чалып, кыйнап өзүн. Башкалардын жүрөгүн сакайтам деп, Жаралашат акындар жүрөктөрүн.   Чындык калып, чындык деп акын өлсө, Акын каалайт калкынын ойгонгонун. Эл укугун талашып тирандардан, Таланттардын көп көрдүк шорлогонун.   Ыйман калып, ыйман деп акын өлөт, Ыймандуу бий калкына жакын келет. Акын деген сатылбайт базарларда, Сатылгандар болсо, алар акын эмес!..   Аялдарды урунуп буюм сымак, Гарем куруп, шах, султан турса куунап, Аялзатын акындар даңазалап, Алып чыгат бийикке дастан курап.   “Түшпөс каган – билсеңер эл болот!..” толугу менен…..