Жаш калемгерлерге тажрыйбалуу адабиятчылар сабак өтөт

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын Улуттук жазуучулар союзу 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлер арасында поэзия, проза, драматургия жанры боюнча окуу семинарын өткөрүү үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Окуу семинардын максаты жаштар менен иш алып барууну колго алуу жана бул багытты андан ары тереңдетип, аймактарга жайылтуу, өркүндөтүү, кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан Ч.Айтматовдой жана КМШ масштабындагы А.Осмоновдой кыргыз акын-жазуучуларын даярдоо, бүгүнкү күндөгү рынок шартында чыгармачыл интеллигенциянын алсырап турган коомдогу ордун жогорулатуу болуп саналат. Жалпысынан бул семинарга 20 катышуучу катталды. Ал эми жаштарга поэзия боюнча Кыргыз эл толугу менен…..