Джозеф Эссбергер: Жүзүм сыкма

Джозеф Эссбергер Жүзүмсыкма   Чарльз де Груз Парижде чет элдик меймандарды коноктоп жатканда: «Чыныгы кызыл шараптын даамынан ыракат алуу үчүн сѳзсүз Француз болуунун кажети жок» – деп айтар эле. «Бирок, бир нерсени билүү Француз болууну талап кылат» – деп күлүп кошумчалап коёр эле. Француз дипломатиялык корпусунда кызмат ѳтѳгѳн граф де Груз жубайы менен Вольтер кѳчѳсүндѳгү кооз үйлѳрдүн биринде жашачу. Ал жагымдуу, албетте маданияттуу киши боло турган, ошондой эле берешен кожоюн жана таң калтырган аңгемечи катары ѳзгѳчѳ кадыр-баркка ээ эле. Бул кечедеги меймандардын баары Европалыктар эле, алар иммиграция Европадагы маселелердин ѳзѳгүн толугу менен…..