Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдырына арналган китеп жарык көрдү

Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдырына арналган китеп жарык көрдү  Онлайн Университети платформасы 2020-жылдын 3-июль күнү саат 17.00дө “К.Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана Акыйкаттын жолу” деген китептин бет ачарын өткөрөт. Китептин автору Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова. Китепте Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдыры изилдөөгө алынды. Жазуучунун калыптанышына согуштан кийинки айыл турмушу, балалык кезде башынан өткөргөн драмалуу жашоо кырдаалдары, айылы Кердегей, чоң энеси жана совет мектебиндеги билим-тарбия кандай таасир эткендиги баяндалды. Кыргыз совет адабиятындагы “ренессанстык доорду” жараткан “алтымышынчылардын” көрүнүктүү өкүлү катары К.Жусубалиев улуттук адабиятыбызга толугу менен…..