А.Акималиев: Атаандашкан Алыкул, Есенинге, Айбаттуу жаш болчумун кезегинде

Алик Акималиев Ырлары жазууга үлгүртпөй шаштырып көңүлгө келет болуш керек. Анткени, өзү шамалдай удургуп, буюгуп, учуп – конуп жүрө берет. Бир орунга турбайт, кайсы редакцияга барсаң Алик байкенин башы көрүнөт. Кайсы редакциядан жолуксаң сурай берет: “Ушул жерде иштеп атасыңбы?” Жок деген жообуңду кулактын сыртынан кетирет, башка редакциядан кайра сурайт: “Ушул жердесиңби?” Берешен адам, талантын аябай арноо ырларын төгүлүп – чачылып жазат. “Срочно” керек болуп калса, башка бирөөгө арнаган ырындагы ысымдарды өзгөртүп кийинкисине деле арнай салат… Жашоодо да бир сөздү беш – алты адамга катарынан кайталап салат да, аягында ал сөздү толугу менен…..