Кеңешбек Асаналиев: “Майдан” романынын майданында

“Майдан” романынын майданында Узакбай Абдукаимов менен кайрадан кездешип, кайрадан көркөм чыгармачылыктын татаал жолдорунда дал ушул залкар ишмердин өзүнүн жеке адабий тагдырына кадимкидей катышып, күбө болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Ырас, элүүнчү жылдардын экинчи жарымында Ленинграддан кайтып келгенден кийин Узак ага менен көп эле жолугуп, көбүнчө тиричилик-турмуш деңгээлинде сүйлөшүп, аңгемелешип деле жүрдүк. Фрунзе шаары анда азыркыга салыштырганда өтө эле чакан эле, “Ала Too” кинотеатрынын тегерегинен, “Дубовский парктан”, Дзержинский бульварынан айрыкча дем алыш күндөрүндө каалаган кишиңе жолугуп калышка толук шарт бар болчу. Узак аганы көбүнчө балкар акыны Кайсын Кулиев, котормочу С.Бектурсунов, толугу менен…..