Кеңешбек Асаналиев: Тагдырга кездешүү

Экинчи бөлүм Узакбай Абдукаимов Тагдырга кездешүү Аз сандуу эл үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары айрыкча оор трагедиялык сыноо болду. Анда, негизинен, айылда жашашкан кыргыздардын ар биринин үйүндө эмне болуп жатканы алаканга салгандай көрүнүп турчу. Дал ушул өзгөчө кырдаал өзүңдүн жеке кайгыңа башканын кайгысы кошул-ташыл болуп, кыргыз айылынын жалпы абалы ого бетер зар-муңга чөгүп, мүңкүрөп тургандай сезилчү. Текши жакырчылык, ачкачылык – бул жашоо турмуштун көнүмүшү, колхоз жыйган-тергенин өкмөткө өткөрүп берет, бул согуштун закону, бирок баарынан кыйыны, кайгылуусу, жума сайын десек болот, “бир үйдөн” сөзсүз түрдө ызы-чуу, өкүрүк чыгат. Мунун себепкери толугу менен…..