Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу калемдештер, Кадырлуу мекендештер, Жалпыңыздарды Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Нооруз – жаңы башталыштын, жаңылануунун, тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңыруусунун майрамы. Күн менен түн теңелген жаңырган жылда адамзаты арууланып, тазаланып, бири-бирин кечиришип, жаңы тилек, максат менен жаңы жашоого багыт алат. Жаңырган жылда жалпы элибизге ынтымак, биримдик каалайбыз. Дүйнөдө, анын ичинде жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, ар кандай апаат кырсыктардан алыс бололу. Жараткан көк менен кошо көп ийгиликтерди берсин. Жылыбыз берекелүү, улууларыбыз дөөлөттүү, жаштарыбыз мээнеттүү болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы