Рамис ( поэма) Дүк! Дүк! Дүк! Ойгон, Шык! Уктабай үйдөн чык! Рамисти тапкыла , Кайрадан ачкыла! Айткыла, Рамис ким? Көктөгү Айбы, Күн? Ал деген – Ыр Аңыз, Улуттук Уламыш! Тамшанткан табышмак, Жообу жок жандырмак. Кыргыздын багына Жаралган казына. Манастай анык шаа, Алмашкыс падыша. Биз билген пенде эмес, Төрөлгөн жерде эмес, Алыскы жылдызда, А бирок , кыргыз да! “Кыргызча – жылдызча” Сөздүктү түпнуска Түрүндө түзгөн ал, Асмандан түшкөн ал. Миң тамыр – дареги, Жалбырттайт кареги. Тик учкан чачын айт, толугу менен…..