Кубатбек Жусубалиев: Улакчы

Улакчы Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп, ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп, күнгө жылынып отурду. Ушу тапта анын бар акылы тамынын алдындагы соройгон эки талдын (экөөнүн боорун эчкилер кажып, жеп кетишкендиктен, уйдун жампасы менен калың кылып шыбап койгон) ортосуна тартылган зымга илинген бир багалеги көк, бир багалеги сарыга боелгон («бул жиндинин Алайдын талаасындай шымына боек жетеби, – жетпейт, бүт дүйнөнүн боегун чогултсаң да жетпейт») таар шымында эле. «Муну билгенде жуудурбай өлөйүн» деди ал ичинен кыжаалат болуп. Жолдон топ-топ болуп, бака-шака түшүп өтүп жатышкан улакчылардын кужурунан толугу менен…..