Сулайман Рысбаев: Арсендин өтүнүчү

Таяк катуу Эжеси үй жыйнаш десе болбой, сиңдиси Аяна “менин курсагым ачты” деп, куурчагы менен ойноп отуруп алды. Алдаса да болбоду. -Эмне, таяк жегиң келип жатабы? -деп коркутту эжеси Асел. Анда курсагы ачып отурган Аяна: -Иги, таяк катуу да, жей албайм аны…-деди бултуңдап.   Буту жөтөлүп Күн суук болчу. Апасы улам байпагын кийгизген сайын, Элнура кайра эле чечип таштайт. Аны көргөн апасы Бүбүсара кейип кайрадан кийгизет. -Болду эми, байпагыңды чечпегин. Уктуңбу? Карачы жөтөлүп да калыпсың.- деди апасы эскертип. Анда Элнура: -Мине, байпагымды чечсем, бутум да жөтөлүп калабы?-деди апасын ормое карап. толугу менен…..