Аман Саспаев: Айылдык акындын бир күнү

Айылдык акындын бир күнү – Жалпы алганда кебете-кешпир жагынан биз сүйкүмсүз эле жандарбыз, – деп жазып жаткан кагазын ары түртүп, ал келинчегин карап койду. – Тагдырыбыз ошондой. Менин өзүмөн көрө жазгандарым барктуураак. Мен үйгө келген меймандар менен же сени менен сүйлөшүп отурганымда оюм кандайдыр башка жактарды кезип кетет. Ал өзүн акылдуумун деп ойлоочу эмес. «Бирок, адам деген акыл» деп түшүнүүчү. Аздыр-көптүр өмүрдөн жыйган тажрыйбасы аны ушундай корутунду чыгарууга мажбур эткен. Акындык жагынан изденүүгө, талыкпай эмгектенүүгө эрки күчтүү болгону менен турмуштун күндөлүктүү майда чүйдөлөрүнө эрки мүлдө бош экенин өзү сезүүчү эмес. толугу менен…..