Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева:

“Мурза Гапаров Айгүл гүлү тууралуу угуп, ошол эле күнү Баткенге жөнөгүсү келген…”   – Топчугүл эже, ысымыңызды ырымдап коюшканбы. Сейрек кездешкен ысымдардан го? – Ооба, ырымдап коюшкан. Апам мени чилденин кычыраган суугунда төркүнүнө барып төрөгөн экен. Киндигимди өзү кескен тайэнем  мага ысым ыйгарууда көп деле ойлонбоптур. Кошуна жашаган Топчугүл аттуу көп балалуу, өнүп-өскөн, айылда кадыр-барктуу байбиченин атын неберем ушул  абысынымдай  болсун деген тилек менен коюп коюптур. – Кайсы элдин кызы болосуз? Балалыгыңыз айылда өткөн чыгар? Бала кезиңизде эмнелер эсиңизде калды? – Кичи мекеним Баткендин Кара-Булак айылы. Уруум – аваттын токмоктор толугу менен…..