Мамат Сабыров: Кампа

Кампа (аңгеме) “Алиаскар ака өтүп кетиптир” деген кабар кечке маал угулду. Мен кезүүдөн келген койлорду короого камап, эми үйгө кирдим эле. Аңгыча эле дарбаза жактан бирөөнүн чакырган үнү угулуп калды. Чыксам, бизден бир көчө ылдыйда жашаган Султанбек акенин уулу Абай турат. -Алискар ака өлүп калыптыр-деди чачы үрпөйгөн тестиер бала алыстан. -Биргат сизди тез келсин деп чакырып атат. -А бечара…Качан өтүптүр? -Билбейм. Абай чуркаган бойдон кетип калды. Алискар ака жашы элүүлөрдөгү бою шыргыйдай киши эле. Мурда трактор минчү. Он жылдай мурун кырсыкка кабылып, буту майып болуп калгандан кийин тамекиде кароолчу болуп толугу менен…..