Нурлан Калыбеков: Бийиктик (Рамис Рыскуловго)

“Нур дүйнө” китебинен, 1995-жыл Бийиктик Рамиске арнайм 1 Мен феномен, чанда келчү улуу жан, Бийиктигим аскалардай шаңкаят. Ой берметин түбүнө алган чөгөрүп, Тереңдигим океандай чайпалат.   Идеялар чагылгандай чартылдап, Улуу Көктөн турат мээме чагылып. Ыйык нурлар дал төбөмдөн куюлуп, Таманымдан турат жерге агылып.   Бүт турпатым нурга тунуп жалтырап, Жан дүйнөмдү ээлеп алган улуулук. Көкүрөгүм аруулукка жык толуп, Жүрөгүмдө ойноп турат сулуулук.   Көтөрө албай өз кудурет күчүмдү, Күндөр болот ташкындаган, толкуган. Мен ошондо чексиз күчкө ээ болуп, Турмуштагы болбостукту болтурам.   Чийип таштап пендечилик мыйзамын, Жок кыламын майда барат толугу менен…..