Айтмырза Абылкасымов: Текшерүүнүн таасири

Текшерүүнүн таасири Качантан бери «келет-келет» дегендер келишти. Келгенде да дал министрликтин өзүнөн келишти. Текшерүүчүлөр үчөө экен: эки кыргыз аял, бир орус киши. Кудай бетин көрсөтпө, тымтырстык өкүм сүрүп, мектептин ичи жөн эле чымын учса даана угулгудай абалга келди. Алгач директордун каанасында отурушуп, директор жана окуу бөлүмүнүн башчысы менен маектешип, келген максаттарын баяндашкандан кийин гана мугалимдер бөлмөсүнө келишип, аялдардын толмочу усулдук бөлмөнүн жасалгасын, андагы көргөзмөлөрдү, беркиси анда турган класстык журналдарды карай баштады. Ал эми орус улутундагы текшерүүчү сынагансып, ал жердеги мугалимдердин сырткы келбеттерине көз салып жаткансыйт. Келген текшерүүчүлөрдүн бири математикадан, бири толугу менен…..