Калчоро Көкүлов: Мен таарынсам таалайыма таарынып, Мен сүйлөшсөм теңир менен сүйлөшөм.

****** Табияттын таза түшкөн жаштыгы, Таазим сага татынакай жаз сулуу. Сени күткөн үмүт кандай таттуу да, Сени көргөн өмүр кандай бактылуу. Адал ээрчип, арам ээрчип соңуман, Алаканда айла амалым жогунан. Алда кимге арка болоор, дем болоор, Андай деле иш бүткөн жок колуман. Ак карасы тосуп чыгып жолуман, Анча алыстап кете албадым тобуман. Ары кетип, бери кетип толгонуп, Айлам түгөп алда неден корунам. Ырыс кутту мен ыроолой албадым, Элге-жерге тийгени жок жардамым. Ыр түгөнүп, дем кагылып калганда, Ырас болду сенин келип калганың. Бирде толсо, бирде толбой сандыгым, Көрдүм далай бул дүйнөнүн толугу менен…..