КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана журналист Т.Орокчиев 83 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчу уулу Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылдын 8-сентябрында туулган. 1963-жылы Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, 1963–1965-жж. Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жж. “Мугалимдер газетасында” 1969–1973-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясында (КСЭ) илимий редактор, 1974–2002-жж. Кыргыз Республикасынын телерадиокомитетинде иштеген. Т.Орокчу уулунун 1978-жылы “Мекенимди даңктаймын” деп аталган алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Казак жазуучусу А.Шымбатыровдун “Ак-Сай жайлоосунда” деп аталган повесть жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен которгон. 1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчу толугу менен…..