Абдыжапар Эгембердиев: Көп ичинде касиеттүү кыргыз эл, Кудай колдоп, турсаң экен саламат!

Урматтуу мекендештер! Учурда “Таажы вирусу” дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жатат. Кыргызстанда да өзгөчө абал киргизилип, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай абалда ар бирибиз өзүбүздүн саламаттыгыбыз үчүн мыйзамга, тартипке баш ийип үйдө болуубуз керек. Бул убактылуу гана көрүнүш. Кыргыз эли кылымдардан бери найзанын учунда, кылычтын мизинде болуп, мындан да кыйын кырдаалдарды жеңип келген. Биримдик менен бул күндөрдү да артка таштайбыз, бул илдетти да жеңебиз. Баарыңыздарга сабырдуулук, ден-соолук, узак өмүр тилейбиз. КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы.                                   толугу менен…..