Жолдошбек Зарлыкбеков: Буккан сайын бугум буура, жолум муз, Бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап?

Аваз Жолуккан барбы, кезигет кайдан, бир курак өттү билинбей, жалбырак ылдый жылтырап тамган тамчынын тунук үнүндөй. Кезиккен барбы, жолугат кайдан, бир курак калды көрүнбөй, өткүндөн кийин жаңырып калган жайлоонун жашыл өңүндөй. Жолугат кайдан, кезиккен барбы, жамынып жатып ай нурун, алыста калган жылдардын шаңын, ырлардын козгоп кайрыгын… Сары Асман аздап кочкул түскө боёлуп, чөккөн күүгүм чирик барик жыттанат. Кечээгимдей бүгүн дагы ой ооруп, кечээгимден бүгүн үмүт кыскараак. Жол тозоңу, жолоочунун көктүгү, шагы сынган сагынычтын арааны басаңдады, улам жылдар эскирип, азаңдады улам эргүү шамалы. Эсиңдеби? Себептерге эбептер кайчы түшкөн күзгү кечте ушундай, толугу менен…..