Мар Байжиев: Төрт адам

Тѳрт адам (Драмалык аңгеме) Бул окуяга тѳрт адам катышат. Бири мен. Менин атым Нази. Жашым 22де. Мен аялмын. Азиз. Искендер. Жапжаш медсестра. Биринчи бѳлүк Бул окуя жайдын акыркы күндѳрүндѳ, асманды боз чаңгыл булут каптап, суунун бети сууй баштаганда Ысык-Кѳлдүн боюнда болуп ѳттү. Мындай кезде тоонун кары уламдан-улам ылдыйлап, бийиктен соккон муздак жел кѳлдү шарпып, асманда жайдын эң акыркы чагылганы чартылдайт, күн күркүрѳйт. Кѳлдүн жээги ээнсиреп, келген куштардын карааны да сээлдейт. Күүгүм. Асман түнѳрүп, толкун шарпылдайт. Кѳл үстүнѳн каалгый учкан каркыралардын карааны да уламдан-улам алыстайт. Мен жээкте турам. Шамал чачымды уйпалап, толугу менен…..