ТООЛОР ДА СҮЙЛӨЙТ

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин 60 жашта Алыскы Алайкуунун биз али көрө элек турпатын көз алдыга тартып, сезбеген илебин сездирип акын Кожогелди Култегиндин ырлары алгач окуп баштаган күндөн бери жүрөккө жакын. “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989) китептери жөнүндө кийин уктум, кийин колго кармап окудук. Биз алгач жүзүнөн сүйүп окуган китеп “Дарбаза жолго ачылат” (1993) болчу. Китептин жарык көргөн мезгили биздин алып учкан студенттик жылдарга туура келип, Союз жаңы урап, элдин көндүм жашоо эрежеси толук кыйрап турганын кайдан билет элек, өзүбүздүн өрөпкүгөн дүйнөбүз менен азыркы улуттук университеттин филфагында бир акын менен толугу менен…..