Кеңешбек Асаналиев: Жаш Чыңгыздын адабиятка келиши

Yчүнчү бөлүм Жаш Чыңгыздын адабиятка келиши Биринчи күтүүсүздүк Жогортодо Ленинградда аспирантурада жүргөн кезимди (1950-1953) өмүр-жашоомдун “алтын тилкеси” дедим. Фрунзеге келгенде да тагдырдан буюрган ошол “алтын тилке” уланып отурду. Биринчиден, адабий коомчулукка атым бат эле белгилүү болуп кетги. Экинчиден, кызмат абалым да өзүм күтпөгөндөй тездик менен көтөрүлүп отурду. Маселен, аспирантураны бүтүп келер менен 1953-жылы декабрь айында Тил, адабият жана тарых институтунда кенже илимий кызматкер, 1955-жылы январдан баштан улук илимий кызматкер, 1956-жылы декабрь айында Тил жана адабият институтунун директорунун орун басары (илимий иштер боюнча) кылып бекитти. Директорубуз көрүнүктүү тилчи-окумуштуу, академик И.А.Батманов эле. толугу менен…..