Насыпбек Асанбаев: Шашма бөжөк

Эне коён жылуу уяда балдары менен чогуу отурган. Ал күнүгө бир маал балдарына китеп окуп, же ар кандай жомокторду айтып берчү. Бул жолу ал бөжөктөрүнө кышкы токой тууралуу окуп жатты. – Кышында жердин баары ак карга бөлөнүп, суулардын үстүнө муз тоңот. Токойдогу бак-дарактар, карагайлар, бадалдар бүт баары ак кардан тон кийишет. Баса, мындай ак тонду кышында биз дагы кийебиз. Ушул жерге жеткенде бөжөктөрдүн арасынан бирөө чыйылдап тура калды. Чынында бул ушундай чыдамы жок коенек болчу. Качан болбосун кепти аягына чыгара укпай суроо берип, же сөздү жыра талашып турар эле. Апасы толугу менен…..