Куттуктоо

Куттуктоо КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү: Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, “Түгөлбай Ата” медалын жасап жүргөн дизайнер Леонид Александрович “Түгөлбай Ата” сыйлыгы менен сыйланышты. Аталган сыйлык “Түгөлбай Ата” коомдук фонду тарабынан 1994-жылдан бери маданияттын жана искусствонун ар кыл багытында эмгектенген инсандарга ыйгарылып келет. Урматтуу сыйлык ээлери, сиздердин сыйлыгыңыздар жалпы элдин сыймыгы. Алган сыйлыгыңыздар кут болсун! Сиздерге чыгармачылык эргүү, бекем ден-соолук каалайбыз! Дагы да толугу менен…..