Тургунбек Бекболотов: Араң турган сезимге жалын түшүп, Капилеттен өрттөнүп кетпейличи

Ошентчи садагасы Мен олтурган турмуштун арабасы, Эптеп жылып жатканда, садагасы, Каптал жактан төгүлгөн шоола болуп, Карегиңди кайталап кадабачы. Биздин көчө тараптан өтпөй жүрчү, Уулум чыкса алдыңан өппөй жүрчү. Араң турган сезимге жалын түшүп, Капилеттен өрттөнүп кетпейличи. Элеңдетип эсимди чыгарбачы, Эшигимдин алдынан суу албачы. Өзгөрүүсүз жазыла бергени оң, Өмүрүмдүн жөнөкөй чыгармасы. ***** Капилеттен иштер болуп күтпөгөн, Жанчылгансып, чарчап турат бүт денем. Атаганат, алыс кете албассың, Жүрөктөгү мындай оор жүк менен. Кайгы минтип катарымды аксатып, Улам бирин келбесине атказып. Чырмалышкан курбулардан ажырап, Чачтарымды бара жатат ак басып. Ташка чаап тагдыр үмүт, тилегин, толугу менен…..