Ырысбай Абдыраимов: Сенек

Сенек Аңгеме Жылдызбек ызы-чууну жактырбай, оорукананын тынч бөлмөсүндө дарыланып жаткан. Күн чакчайып, ачык терезелерден соккон шамалдын эпкини бешинчи кабатты да желдетип, жалгыз кишилик, тынч бөлмөнүн пардаларын ыргалтат. Ал өнөкөт оорусун күчөтпөө үчүн чейрек убакыт сайын бейтапканага көрүнөт да, доктурдун кеңеши менен кымбаттыгына карабай, менчик шыпааканадан орун табат. Күтүүсүздөн колдоруна тамак-аш шыкалган баштыктарды көтөрүп, бөлмөгө Айнагүл кирип келди. Анын эсинен Жылдызбектин кандагы канты көбөйгөндө обору ачылып, тез-тез шам-шум этээри чыкпайт. Селкинин айдай тунук жүзү, карагат көз, кара кашы күлүп-жайнаган ажарын ого бетер ачкандай. Көздөрү жайнаган жаш келин керебетке чалкасынан түшкөн жигитти толугу менен…..