А.С.Пушкин: Моцарт жана Сальери

Моцарт жана Сальери 1-көрүнүш Бөлмө. Сальери: – Баары какшайт: жерде чындык жок дешип. Бирок чындык көктө да жок. Мен үчүн. Бул жөнөкөй ыргак сындуу анык кеп. Өнөр жандуу жаралгам төрөлгөндө; Бала чакта, биздин эски чиркөөдөн Авас чыкса орган чалып күүлөгөн, Угар элем калбай, ысык көз жашым Ага берчү жан жыргаткан дүйнөдөй. Эрте тандым ойсуз оюн-күлкүнү, Музыкага жат илимдин түркүмүн Бүтүн жерип, баарын албай теңиме, Жалаң гана музыкага берилгем. Туңгуч кадам оор, биринчи Сапар дагы зериктирип жадатма. Кесипти өнөр үчүн тепкич кылып, Кесипкер болдум: саларыма Ийкем берип канаттай, Кулагымы куйма кулак толугу менен…..