Имадеддин Насими: Сулуулугуң тирилтет өлгөндү да, Сулуулугуң өзүндөй Кыяматтын

Насиминин поэзия планетасында… Сеид Имадеддин, шарттуу адабий ысмы – Насими XIV кылымдын экинчи жармынан, XV кылымдын биринчи жармына жакын, болжол менен 1369-1417-жылдары жашаган. Көптөгөн баалуу газелдерди, рубаи, касыдаларды азербайжан адабий тилинде биринчи болуп келиштире жазып тарыхта калган алгачкы акын. Орто кылымдагы эң билимдүү, алдыңкы көз караштагы инсан, философ жана окумуштуу, даанышман гуманист жана мистик акын, араб, фарсы тилдерин да эркин билген жана бул тилдерде да чыгармаларын эркин жазган. Баку шаарында, Насиминин чоң тулку бою менен турган элестүү көркөм эстелиги алдына коюлган Улуттук илимдер академиясынын Тил-адабият изилдөө институту акындын ысмында. Баку толугу менен…..