Сүйөркул Тургунбаев: Жанга баткан кайдыгерлик

Жанга баткан кайдыгерлик Шайлообек Дүйшеевдин ысымы «Аптап», «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз» аттуу ыр жыйнактары, мезгилдик газета-журналдарда жарыяланган ыр түрмөктөрү музыкага салынып, филармонияда жана үналгы менен сыналгыда аткарылып, көркөм окулуп келаткан ырлары менен эл-журтка кеңири белгилүү болгон. Азыркы кыргыз поэзиясынын сыймыгы, ардактуу эл акыныбыз Сүйүнбай Эралиев Шайлообектин акындык жолуна өз учурунда басма сөз бетинде ак батасын берген. Жаш акындын жаңы китеби, аты айтып тургандай, биздин элибиздин мүнөзүндөгү кайдыгерлик жөнүндө. Карап отурсак Ш.Дүйшеев ырларында жаны сыздап, кан-какшап айтып аткан каран калгыр кайдыгерлик каркайган тоолорун огожо тутуп, камырабай Күн көргөн кайран кыргызга – өз толугу менен…..