Ш.Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта илинди

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу, драматург Ш.Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта илинди. Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.Иманалиев, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков жана жазуучунун замандаштары, калемдештери катышты. Жазуучу бул үйдө 1957-жылдан 2000-жылга чейин жашаган.

Кеңешбек Асаналиев: Шүкүрбек жана мен

Шүкүрбек жана мен Пушкин үйүндөгү менин жашоо турмушумдун алтын тилкеси аяктап баратты. Өз учурунда көп нерселерди тиешелүү даражада баалай албаганым, же не бир асыл-заттарды өздөштүрүп үлгүрө албай калганым, бул менин күнөөм эмес. Мен бүтүндөй оюмду, акыл-эсимди үч жыл бою бир гана нерсеге, китепке бурдум. Убакытты текке кетирбей пайдаланууга аракеттендим. Ошондой болсо да өз жеримде мектептен, институттан алган негизим, даярдыгым канча болсо, андан аша албайт элем да. Анын үстүнө мен өзүмдүн жашоомдо бийикке умтулбадым, таалай эмнени буюрса, азбы-көппү ошого ыраазы болуп жашадым. Дал ошол таалай-тагдырдын буйругу менен Пушкин үйүнө туш келдим. толугу менен…..