Орозбек Айтымбетов: Турмуш өкүмү

Турмуш өкүмү (кыскартылып алынды) Мектепке күндөгүсүндөй эрте келип, китеп салган курак баштыгын балдар жүгүрчү аянтчанын четиндеги бактын бутагына илип таштап, эжеси жасап берген кийиз тобу менен качма топ ойноп жаткан. Булоолоно тердеп кеткендиктен кара көрпө тумагын, шырыма купайкесин, кийин чокоюн чечип салып, жылаңайлак чымын-куюн болуп чуркап жүргөн. Бир маалда эле деректир Авазды чакырып калбаспы. Барды. Мугалимдер бөлмөсүндө бир топ агайлары, эжейлери, анан “сельсовет” деп чакырышчу узун бойлуу, ак ала чач, кара сур, шалдыр тиш, бүкүрөйгөн арык киши олтуруптур. –Мектептеги жалгыз отличнигибиз, – деп тааныштыра сүйлөдү деректир “сельсоветке” Авазды. –Мына ушуга толугу менен…..