Кеч күздөгү кусалык

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте 2019-жылдын 22-ноябрында Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында кезектеги поэзия кечесин өткөрөт. “Кеч күздөгү кусалык” деп аталган ыр кече КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын М.Токсобаеванын жана акын, котормочу С.Стамбековдун чыгармачылыгына арналат. Кечени обончу, аткаруучу С.Урманбетов, ырчылар Э.Дүйшеева, У.Качкыналиевдер коштойт. Самидин Стамбеков 1959-жылы 8-мартта Чаткал районундагы Каныш-Кыя кыштагында туулган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директор болгон, райондук “Чаткал оттору” гезитинен баштап, республикалык, областтык газеталарда иштеген. 2008-жылдан бери толугу менен…..