Үсөн Касыбеков : Азыркы кыргыз аңгемесинин горизонту

Азыркы кыргыз аңгемесинин горизонту Аңгеме… Ал азыркы учурда кандай саптар, жөрөлгөлөр менен баюуда? Кандай жетектөөчү, негизги тенденциялары баамга урунат. Изденүү маанайы кандай? Сөз учугун улоодон мурун жанрдын табиятына токтолуу зарыл. Анткени, жалпы эле аңгеме жанры жөнүндө сөз козгогондо жанрдын спецификалык өзгөчөлүгүнө токтолуп кетүү максатка ылайыктуу. Себеби, бу категория аңгеменин жандуу адабий процесстеги алган орду, бүгүнкү күнкү ал-абалы, келечек перспективасы, негизги тенденциялары, көркөм өзгөчөлүктөрү менен терең шартталышып турган кубулуш. Ошентип, аңгеме традициялык түшүнүк боюнча прозанын чакан түрү. Арийне, мындай жеке касиети анын көркөм табиятын толук, чар тараптуу ачып бере албасы айкын. толугу менен…..