Субайылда Абдыкадырова: Ак-Куулардын канатындай үлпүлдөп, Булут турат чокулардын учунда

Энелер Эр жигит энелерден ак бата алып, Каниет кылган жолго кетерде алыс, Ак дилден алкап элди чоң энелер, Кичүүгө улууга да бирдей калыс.   Эненин касиети жүрөт коштоп, Эстеген сайын сөзү жүрөк козгоп. Кыйындык башка түшсө жөлөк болот, Көрүнбөс көзгө сыйкыр күчкө окшоп.   Дзержинский бульварым Ойго салат Дзержинский бульварым, Сенде калды оттуу жаштык жылдарым. Кыялдантып толкундаткан ар убак, Өзүңсүңбү жазыла элек ырларым.   Барган сайын көзгө ысык сезилип, Сүйүүм артат эт жүрөгүм эзилип. Аллеяңдан өтсөм көңүл кубанат, Кызгалдактай кыз өмүрүм кезигип.   Канча жылдын жылуулугу катылып, Канча издер өткөн толугу менен…..