Нурлан Калыбеков: С.А.Б.А. (поэма)

“21” китебинен, 1999-жыл С.А.Б.А. /поэма/ Пролог Сүйүү, Арман, Бакыт, Азап Тагдырдагы бүтпөс казат. Көргө башың кирмейинче, Бербес жанга Тынчтык, Азат.   Сүйгөнүм! Кармачы тамырымды, Тыңшачы тынбай соккон тарсылдашын, Жарчудай өңдөнөбү жан, денемди. Карачы жалыныңды, Тирүүлөй куйкалап бүт аяк башым, Өрттөдүң араң турган делебемди.   Эх, эх, эх, эх, эх жаным, Сыйкырлап алдың неге ушунчалык, Күчтүүбү сыр ааламдай кудуретиң. Унутуп баарын, баарын, Ойлобой жаман нерсе кыпынчалык, Ойлобой шок сезимдин акыретин.   Баратам эстен танып, Ажырап намыс берген уятымдан, Тумандап көк деңиздей акыл-эсим. Баарынан алыс калып, Ажырап күтүрөгөн кубатымдан, Кул болуп бир толугу менен…..