А.С.Пушкин: Сараң рыцарь

Сараң рыцарь Катышуучулар: Альбер Иван (Альбердин кызматчысы) Барон (Альбердин атасы) Герцог   1-көрүнүш Мунарада Альбер жана Иван Альбер: – Сөзсүз барам мелдеш болчу жерге мен. Туулгамы апкелчи, Иван, көрөйүн. (Иван туулганы берет) Тешик туулга, жараксыз. Жаңысын эптеп таппасам, Кантип кием башыма. Граф Делорж наалаты! Туулгамы туштаганын карачы! Бир какканда ээринен кулатып, Оңой тийген жоксуз ага сиз деле. Бир күн, бир түн тилсиз жатты, али да эсин жыя электир. Антсе да ал анча зыян тарткан жок. Альбер: – Көөдөн деген өзүнүкү Жаңысын сатып алам – деп, Бир тыйынын коротпойт. Ай, аттиң толугу менен…..