Мар Байжиев: Желмогуз (аңгеме)

Желмогуз Бир окуяны эстесем, жүрөгүм шуу деп оозума тыгылат. Ошондо кантип жарылып кетпегенине азыр да таң калам. Иши кылып, кудай бир сактаган… Мындан көп жыл мурда Бейшембай деген агаларыбыз токол алды, Саткын досум экөөбүз тойго барып, тамаша көрүп, бозо ичип, колго суу куюп, табак тартып жүрдүк. Той таркады, конокторду узаттык, конуп калгандар да болду. –Кызмат кылган балдарга бирдеме калдыбы? Берсеңчи, Мистикан! – деп, Бейшембай абам байбичесине буюрду. –Көрөңгүлүк эле калды, аны да бригадыр уул менен балдырак акемин байбичесине ооз тийгизейин дедим эле… –Алып кел! – деп күрүлдөдү кызуу абабыз… Заматта толугу менен…..